• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

БШК Садыр Жапаровду президенттик жарыштан четтетүү тууралуу арызды четке какты

14 Бештин айы 20209:20 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровду президенттик жарыштан четтетүү тууралуу арызды четке какты. Мындай чечимди БШК 12-декабрдагы отурумунда кабыл алды.

Белгилей кетсек, буга башка талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов 9-декабрда БШКга арыз менен кайрылышкан. Алар Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары шайлоого катышууга укугу жоктугун белгилеп, ошол эле учурда Жапаров өкмөт башчылык кызматтан толук кетпегени да “Шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамды бузат деп билдиришкен.

Маалыматта Садыр Жапаровдун өкүлү оппоненттер белгилеген Конституциянын 68-беренеси президенттин милдетин аткаруучу адамга колдонуларын, ал эми Садыр Жапаров 14-ноябрдан бери андай кызматты аркалабаганы айтылат.

Ошондой эле Жапаров Баш мыйзамдын 19-беренесине ылайык, премьер-министрлик кызматты орун басарына, биринчи-вице-премьерге өткөрүп бергени белгиленет.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. БШК ага катышууга ниетин билдирип, тиешелүү шарттарды аткарган 18 талапкерге күбөлүк берилди.

Количество просмотров: 229