• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

БШК: Шайланган депутаттар 3 күндүн ичинде ээлеген кызматтарынан баш тартышы керек

8 Бештин айы 202511:24 Бишкек Govori.TV

БШКнын маалыматында белгиленгендей, шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө БШКга өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

“Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңештин депутаты бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт.

“Эгерде шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты ушул конституциялык мыйзамга ылайык, кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, БШК шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана шайланды деп таанылган талапкерлерден өздөрүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга ырастаманы жана төш белгини тапшырат.

Количество просмотров: 173