• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БШК: Шайлоодогу босого 9% болсо парламентке өтүү үчүн партия 180 миң добуш алуу керек

14 Бирдин айы 2020 10:37 Бишкек Govori.TV

Шайлоодогу босого 9% болсо парламентке өтүү үчүн партия 180 миң добуш алуу керек. Бул тууралуу Govori.TVнын «Майдан» берүүсүнөн БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда пайыздарды өйдө-ылдый кылгандан көп тажырыйбабыз бар.

“Бүгункү күндө башка мамлекеттерде да ар түрдүү пайыздык көрсөткүчтөрдү, босоголорду коюп жүрүшөт. Менин оюмча биз өткөн шайлоолордо 2010-жылы жана 2015-жылкы шайлоолордо бир топ тажырыйба алдык. Ошондон кийин да бул 9% босого кабыл алынса керек. Бирок бүгүнку күндүн талабына, өсүүсүнө жараша өйдө-ылдый болуп жатат. Эгерде болжол менен 2 миллион шайлоочу келип катыша турган болсо шайлоого, анда 7% босого менен парламентке өтүү үчүн 140 миң добуш алуу керек болот, ал эми 9% босогодо 180 миң добуш алуусу керек болот”, — деди Бекматов.

Количество просмотров: 116