• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

БШКнын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү митингге чыгышты

12 Чын куран 2021 18:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү митингге чыгышты.

«Коммунисттер», «ДДК», «Тынчтык», «КСП», «Улуу Журт», «Бийлик элге», «Жашылдар», «Бүтүн Кыргызстан», партиясынын тарапкерлери «мыйзам бузуулар болду» деген жүйө менен Бишкектеги добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, кайрадан шайлоо жарыялоо керектигин айтып жатышат.

11-апрелдеги шайлоодо Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партиянын талапкерлери ат салышты. Баштапкы жыйынтык боюнча, алты партия 7% чектен өттү.

Количество просмотров: 155