Бүгүн, 11-июлда кечинде Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында «Улуу журт» жана «Туран» партияларынын митинги өттү. Чогулгандар Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жатышат.
БШКнын алдына болжол менен 20 адам чогулду. Алар кайра шайлоону жокко чыгарууну талап кылышты. Себеби добуш сатып алуу болгонун айтышты.
«Улуу журт» партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов «Эмгек» партиясын шайлоочуларды сатып алууга айыптады.
Чогулгандар билдирүү жасагандан кийин айрымдары тарап кетишти. Кийинчерээк калгандары да тарашты.