• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

БШКнын шайлоону токтотууга укугу жок

17 Жалган куран 2020 9:59 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону башка убакытка жылдырууга же токтотууга укугу жок. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Govori.TVга» билдирди.

«Эгер өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланса шайлоо болбой калуусу ыктымал, бирок БШК өзү билип шайлоону токтото же башка убакытка жылдыра албайт. Биз шайлоого аттанып жаткан партияларга көпчүлуктү чогултпоо тууралуу сураныч келтирип жатабыз. Мындан тышкары партияларга көмөк көрсөтүү максатында үгүттөөнүн башка да жолдорун, мисалы телевизиондук эфир убактысын көбөйтүү сыяктуу жолдорду карап жатабыз. Президент, парламент өлкөгө өзгөчө кырдаалды киргизсе шайлоо токтойт, ансыз Борбордук шайлоо комиссиясы токтото албайт», — деди Абдрахматова.

Белгилей кетсек буга чейин дүйнө жүзүндө тарап жаткан коронавируска байланыштуу жергиликтүү шайлоолор башка мезгилге жылдырылышы ыктымал экенин айтылган.

Эске салсак, ушул күндөрү Кыргызстанда беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоого үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот.

Количество просмотров: 96