• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

БШКнын системасындагы мүчүлүштүктү УКМКнын IT адистери текшерип жатышат

29 Жетинин айы 2021 21:02 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүктү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана башка мамлекеттик органдардын IT адистери текшерип жатышат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов «Азаттыктын» «Арай көз чарай» талкуусунда айтты.

«Эмне себептен, кимдин күнөөсү менен болгонун текшерип жатышат», — деди Маматов.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Болжол менен 40 мүнөттөн кийин кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп калган.

Бир катар партиялар муну «көз боёмочулук» деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова серверден техникалык мүчүлүштүк кеткенин айтып, добуш саноого зыян болбогонун билдирген.

Жогорку Кеңештин шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык босогодон өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. Акыркы жыйынтык бюллетендер кол менен саналып бүткөндө чыгат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 437