• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

БШКнын жумушчу тобу «Эмгектин» арызын колдоду. Бишкекте кайра шайлоо өтпөйбү?

19 Бугу 2021 10:00 Бишкек Govori.TV

БШКнын жумушчу тобу «Эмгек» партиясынын Бишкек ТИКтин борбордогу шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндөгү чечимине каршы арызын колдоду. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, арыз ээлери ТИК добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаргандыгына макул эмес экендигин белгилешкен. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынан бул токтомду четке кагууну жана шайлоону өттү деп табууну өтүнүшкөн.

Ал эми БШК азырынча жумушчу топ кабыл алган чечимдерди колуна алып, тааныша электигин Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топтун отуруму кечээ болгон, бирок анын чечимдери таанышууга келе элек.

«Жумушчу топто кандай чечимдер кабыл алынганын билбейм, чечим колго тийген соң таанышып анан БШК мүчөлөрү бир чечимге келебиз. Жумушчу топтун чечимдери сунуш катары экенин белгилей кетүү керек», -дейт ал.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөн. Анда Бишкек шаардык кеңешине алты партия, Ошко төрт партия алдыга чыккан.

Борбор калаанын АШКсы Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган, буга чейин БШК Ош жана Токмак шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Количество просмотров: 106