• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Буга чейин Жапаровдун ишин караган судья Жаңыл Мамбеталы кызматынан кетти

15 Теке 2021 11:08 Бишкек Govori.TV

Жаңыл Мамбеталы Жогорку Соттун судьясы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматовдун айтымында, судья өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген, ал Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иши боюнча Садыр Жапаровго чыккан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 627