• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бугун Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын курама командасы менен беттешет

10 Тогуздун айы 201911:55 Бишкек Govori.TV

10-октябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын курама командасы менен беттешет.

Оюн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында, Мьянманын курама командасы менен ойнойт.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган.

Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби менен жеңилген.

Количество просмотров: 91