• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бурулайдын өлүмүнөн кийин иштен алынган Асанов Ош ШИИБге жетекчи болду

10 Үчтүн айы 202323:57 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Марлис Асанов жетекчи болуп дайындалды. Маалыматты ИИМдин маалымат кызматы тастыктады.

Белгилей кетсек, Марлис Асанов 2018-жылы Чүй облустук милициясынын башчысынын орун басары болуп турганда 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын Жайыл РИИБинде өлтүрүлүшүнөн улам кызматтан алынган. Кийинчерээк Талас облустук ички иштер башкармалыгына жетекчи болгон. Учурда ал жактан ротация болуп жатат.

Ал эми Ош ШИИБдин учурдагы начальниги Акылбек Мамасейитов башка кызматка которула турганы айтылууда.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында 19 жашар Бурулай өзүн ала качып бараткан адамдын колунан Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Кызды ала качып бараткан учурда 29 жаштагы жигит кармалып, бирок кийин милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында өзүнчө бөлмөгө бекинип алып, кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урган. Оор жаракат алган Бурулай эсине келбей ооруканадан жан берген. Бул кылмышка жол берген беш милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 23 милиция кызматкери административдик жоопкерчиликке тартылып, алардын 13ү иштен бошотулган. Алардын арасында Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев орун басарлары Марлис Асанов жана Канат Жумаев дагы болгон.

Количество просмотров: 351