• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында Жапаров биринчилерден болуп сөз сүйлөдү

20 Аяк оона 202222:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышып жатат.

Жапаров дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп сүйлөдү. Тизмеде жетинчи.

Жалпы дебаттар башталаардын алдында Мамлекет башчысы менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш учурашты.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы менен өзүнчө эки тараптуу жолугушат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 2514