• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Бузуулар» тууралуу жаңы мыйзам кайрадан жазылат

9 Үчтүн айы 2019 11:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.01.2019. Govori.TV

Бузуулар тууралуу мыйзамга ондоо киргизилет. 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке кире турган мыйзамды кайрадан жазышаарын, Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында бул өзгөртүү «Коопсуз шаар» долбооруна байланыштуу болот.

Анткен менен «Бузуу» кодексинде мындан сыркары жол эрежесин бузган учурда айып пул салуу тартибинде мучулуштуктор кеткени байкалууда.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилип жатканына байланыштуу озгортуу жана толуктоо киргизуу керек. Документ толук иштелип чыгып Жогорку Кенешке сунушталды. Ал жакта долбоор боюнча талкуу болот. Аталган долбоордун ишке кирип жатканына байланыштуу документ жургузуу боюнча электрондук форматка отобуз. Мындан сырткары эреже бузгандарды айыпка тартуу тууралуу дагы айыпкерди кандайча жоопкерчиликке тартуу дагы каралган. Жада калса олконун конституциясына дагы озгортуу киргизилген учурлпр болот. Айып пулду азайтуу боюнча суроо каралбайт. Бир норманы экинчи нормага дал келтирууну коздоп жатабыз»,-дейт Саркулов.

Белгилей кетсек, аталган «бузуулар» кодекси тууралуу мыйзамды жазгандар жалан теоретиктер экени айтылууда. Жол кыймылынын эрежелери тууралуу жаны мыйзамды профессорлор жана БУУнун эксперттери жазганы белгил болду.

Количество просмотров: 38