• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Бычак менен коркутуп, Гелендваген унаасын тартып алган. Шектүүлөр кармалды

11 Баш оона 202214:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жарандын унаасын күч колдонуп тартып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-август күнү саат 14:30дар чамасында борбор калаадагы май куюучу жайлардын биринин жанынан белгисиз адамдар физикалык күч колдонуу менен К.С. аттуу жаранды бычак менен коркутуп, анын Mercedes Gelandewagen үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

«Шектүү катары мурда соттолгон, кылмыштуу топтордун биринин мүчөлөрү 1995-жылы туулган Т.Ж. жана Ж.Н., кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка айыпталуучулар аныкталып, алар боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 2969