• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Бычак шилтеген». Бишкекте киши өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

1 Теке 2022 12:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнда болжол менен саат 01:07 чамасында “102” кызматына Жибек-Жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде жарандар урушуп, бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери кафеде эс алып отурган жарандар өз ара урушуп, бири экинчисине бир нече ирет бычак шилтегенин такташкан. Алган жараттан улам 29 жаштагы Д.Д., аттуу жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Кылмышка шектүү делип 34 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты Свердлов райондук милициясы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 496