• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Март ыңкылабына 13 жыл болду

24 Жалган куран 2018 13:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.03.2018.Govori.TV
Быйыл тарыхта “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына 13 жыл толду.
Эске салсак, 2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган. Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, бүт өлкөгө жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, беш жылдан кийин 2010-жылы 7-апрелде ушул эле жол менен өлкөдөн чыгып кеткен.
Ал эми март окуясын эскерүү иш-чаралары бүгүн Жалал-Абад шаарында белгиленген. 24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен «Эскерүү күнү» деп бекитилген.
Количество просмотров: 17