Бишкек.19.03.2018.Govori.TV.
Ош-Бишкек жолунунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда саат 18:00дөн баштап оор жүк ташуучу чоң автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилди.Бул туурасында ӨКМнын басам сөз борбору билдирет.
Маалыматта» 20-мартка чейин кар көчкү коркунучуна байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу унаа жолдор көзөмөлдө экени» жазылат.
Эске сала кетсек, 13-мартта Чычкан капчыгайындагы Көчкүлүү-Булак тилкесине көлөмү 2,5 млн. куб метр көчкү түшүп, жолду тороп калган. Жабыркагандар болгон эмес. 13-16-мартта Бишкек-Ош жолунда түрдүү көлөмдөгү беш кар көчкү катталган. 16-мартта кар көчкү тазаланып, Бишкек-Ош магистралы ачылган.