• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Быйыл Бишкекте ымыркайларды сатуу боюнча 4 факты катталды

24 Тогуздун айы 2018 14:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV
Бишкек шаарында медициналык кызматкерлердин ымыркайларды сатуусу боюнча 4 факты катталды.  Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов ИИМдин отчеттук жыйынында билдирди.
Аталган факты менен кармалгандар камакта, ал эми 1 адам үй камагында отургузулган.
Кармалгандарга Кылмыш жаза кодексинин “адам сатуу”  “мыйзамсыз аборт кылуу”, “жасалма документтерди беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Ал эми ымыркайды сатып алгандар Орусиянын жарандыгын алып, ал жакта жашап жана иштеген кыргыз жарандары экендиги аныкталган.
Количество просмотров: 30