Бишкектеги Cambridge School тил үйрөтүүчү мектептин директору Али Тижжани Абубакарды өлтүргөн жаран 7,5 жылга эркинен ажыратылып, 90 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
“Бишкектеги Свердлов райондук соту 23 жаштагы К. Э.ни Кылмыш кодексинин 138-беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Айыпталуучу апелляциялык арыз берген эмес”, -деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2019-жылы Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында Нигериянын 34 жаштагы жараны Али Тижжани Абубакар сабалып, ооруканада эки күн комада жатып каза болгон.