• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Үч айдын ичинде мектепке барган 683 окуучулар COVID-19 вирусун жуктуруп алган

2 Бештин айы 2020 11:02 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 1-декабрындагы маалыматы боюнча, акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы балдар арасында 683 коронавирус (U07,1 жана U07,2) учурлары катталган.

Салыштыруу үчүн, сентябрь айында республикада 48, октябрда — 315, ноябрда — 320 учур катталган.

Оорулардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталса, октябрь айында 83 учур, ноябрда – 143 учур катталган. Саны боюнча эң көп катталгандар кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат. Баарынан аз катталгандар Нарында.

Ноябрь айындагы маалыматтар:
Бишкек — 143
Баткен — 32
Ош — 4
Ош областы — 9
Жалал-Абад облусу — 31
Талас областы — 8
Ысык-Көл облусу — 39
Нарын облусу — 0
Чүй облусу — 54

Бардыгы: 320

Количество просмотров: 332