• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө 14 жашар баласын бычактап өлтүргөнгө шектелип энеси кармалды

2 Жалган куран 2021 17:52 Бишкек Govori.TV


Чүй облусунун Жайыл районунда 14 жашар баланын өлүмүнө шектелип энеси кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү саат 20:25 чамасында Жайыл РИИБинин «Тез жардам» кызматкерлери тарабынан Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринен 14 жаштагы баланын жансыз денеси, киши колдуу болуп табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Жайыл РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөтүлүп, ал жерге келгенден кийин аталган факт тастыкталып, алдын ала маалыматтар боюнча, жашы жете элек баланын мойнуна бычак сайылып, ал ошол жерден көз жумганы белгилүү болгон.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат, керектүү экспертизалар дайындалды.

«Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Жайыл районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн баланын энесин кармашкан. Ал 36-жаштагы Т.В. аттуу жаран болуп чыкты. Азыркуы учурда райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 864