• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чүйдө 17 жаштагы кызды ала качууга шектүүлөр кармалды

12 Чын куран 2021 16:27 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кыз ала качууга шектүү катары үч жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, 17 жаштагы кыз ата-энесинин үйүнө жеткирилген.

«Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 11-апрелде Кара-Дөбө айылынын тургуну кызын бейтааныш адамдар ала качканын айтып кайрылган. Окуяга шектелип, 1999-жылы туулган С.А., С.М. жана 1998-жылы туулган Ш.Б, аттуу балдар кармалышып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175 – беренеси (“Адамды никеге туруу максатында урдоо”) менен катталып, сотко чейинки тергөө башталды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 7-апрелде ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын жана аны уурдоого чектелген жарандын сөөгү Бишкектин четиндеге талаада унаанын ичинен табылган. Жалпысынан Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы үч айында ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган.

Количество просмотров: 559