• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө 9-класстын окуучусу спорт залда асынып алды

1 Жалган куран 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районунда 9-класстын окуучусу спорт залда асынып алды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 23-феврал күнү Сокулук РИИБине 14 жаштагы Б.В. асынган денеси
табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Сокулук РИИБнин тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы белгилүү болгон. Милиция
кызматкерлери сөөктү визуалдык түрдө карап чыгышкан, андан кийин анын
денесинде аркан изинен башка бөтөн издерди табышкан эмес.

Аталган факт КЖБР катталып, экспертиза дайындалды. Бардык жагдайлар
такталып жатат. Азыр тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 228