• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чүйдө 9 жыл мурун өлтүрүлгөн эки адамдын сөөгүнүн калдыктары табылды

11 Бугу 2022 17:35 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 9 жыл мурун өлтүрүлгөн эки адамдын сөөгүнүн калдыктары табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 10-майда Чүй облустук милициясынын кылмыш иликтөө башкармалыгы, Токмок шаардык милициясы жана Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлеринин ыкчам ишинин натыйжасында 2013-жылдагы адам өлтүрүү фактысы ачыкка чыкты.

2013-жылдын октябрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1989-жылы туулган К.Н. жана 1988-жылы туулган И.Т. аттуу жарандардын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (“Адам уурдоо”) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө иши башталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо максатында бир катар ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзгөн. Атайын багыттамалар жөнөтүлүп, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын мүмкүн болгон байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек арадан өтүү фактысын аныктоо максатында тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлүп, жоголгонго чейин байланышта болгон бир катар адамдар суралган.

2022-жылдын 3-майында Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Кудук айыл өкмөтүндө жайгашкан талаалардын биринен адам сөоктөрүнүн калдыктарын табуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Алынган маалымат боюнча ыкчам тергөө тобу токтоосуз жөнөтүлгөн.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган.

Андан кийин дайынсыз жоголгон К.Н. жана И.Т. туугандары сөөктөрдү жана сакталган кийимдерди аныктап, инсандыгын тастыкташган.

Аталган кылмышты жасагандыгына шектелип 37 жаштагы Х.Ш. жана 58 жаштагы Х.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш өлтүрүлгөндөр менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосундагы келишпестиктен улам болгон. Алардын ортосунда мушташуу болуп, шектүүлөр таш менен урушкан.

Кылмыш жасагандан кийин аны жашыруу максатында шектүүлөр аталган эркектердин өлүктөрүн алып чыгып, Ысык-Ата районунун аймагына көмүп салышкан. Мындан тышкары, 2014-жылы тергөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө аталган шектүүлөр суракка алынган.

Бирок шектүүлөр жалган көрсөтмө берип, алардын ортосундагы чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин жана алардын жок болушуна эч кандай тиешеси жок экиндиги айтылган. Азыркы учурда иштин материалдары боюнча бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 2921