• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө агасы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды

21 Кулжа 202212:29 Бишкек Govori.TV

Кемин районунда агасы инисин өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, 19-июнда Кемин райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, анын кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калгандыгын билдирген. Көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери барып, үйдөн 1992-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин киши өлтүрүү беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Жогорудагы кылмышка шектелип, маркумдун аталаш агасы 1979-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайыга камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 304