• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө айылдашын бутка аткан шектүү кармалды

13 Бештин айы 202313:52 Бишкек Govori.TV

Чүйдө айылдашын бутка атууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү саат 00:10 чамасында Новопокровка айылындагы Ленин көчөсүндө эки жаран уруша кетишкен. Ал мушташка айланып, 1973-жылы туулган жаран ТТ үлгүсүндөгү тапанчасы менен 1993-жылы туулган жаранды бутка атып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1973-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 195