• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

11 Жетинин айы 2020 11:43 Бишкек Govori.TV

Алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБге жергиликтүү тургун жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, 2019-жылдын февраль айында К.Н. аттуу жаран Сарбан айылында жайгашкан үйдү 21 миң долларга баалаган. Ээсине 10 миң доллар берип, үйдү өзүнө жаздырып алган. Калган акчаны насыя алганда төлөйм деп убада кылып, бирок үйдү өзүнө жаздырган соң качып кеткен.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1984-жылы төрөлгөн К.Н. аттуу шектүү (аял киши) жаран колго түшкөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал дагы 3 кылмышка шектелип жүргөнү аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 755