Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15-март күнү Аламүдүн РИИБине 1977-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш эркек киши арыз ээсинин ишенимине кирип, 2020-жылдын январь айында үстөк пайыз менен акча сурап, күрөөгө унаа таштап, 3 миң долларын алып, ошол боюнча качып кеткенин жазган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене «алдамчылык» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында буга чейин бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттолгон 1983-жылы туулган жаран кармалган. Текшерүү учурунда ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.
Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.