• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Чүйдө атасын өлтүрүүгө шектүү милицияга өзү келген

16 Баш оона 2021 15:10 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Москва районунда өз атасын өлтүрүүгө шектүү милицияга өзү келген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-август күнү болжол менен саат 20:30 чамаларында Москва районунун ИИБнө Петровка айылынын 1991-жылы туулган жашоочус А.Б. кайрылып, ал өзү жасаган күнөөсү тууралуу айтып берген. Анда 12-августта болжол менен саат 03:00 чамаларында Петровка айылындагы үйлөрдүн биринде атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам атасынын денесине жаракат келтирип, алган жаркатынан улам атасы окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.

Алынган маалыматтын негизинде Моска РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган А.Б. камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чеийнки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 151