• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө бир нече жолу мал уурдоого шектүү жарандар кармалды

1 Тогуздун айы 2021 17:15 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда бир нече жолу мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын сентябрь айында Красная-Речка айылынын жашоочусу Ысык-Ата РИИБине арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын сарайынан эки баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук ИИББнин жана Ысык-Ата РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган С.Б. жана 1994-жылы туулган М.Э. аттуу жарандар кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандар Ысык-Ата, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун аймагында 5 мал уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, жалпысынан алты баш мал уурдалгандыгы такталган.

Шектүүлөр уурдалган малды мал базарларына сатып, айрымдарын союп, этин сатып жүрүшкөнү маалым болгон. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 245