• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан малчынын сөөгү табылды

9 Баш оона 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан малчынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Аламүдүн районунда 6-август күнү 37 жаштагы У.С. аттуу малчы мал кайтарууга чыгып кетип кайтып келген эмес. Жогоруда аталган жарандын кийимдери Октябрская жана Лубиная айылдарынын ортосунан агып өткөн Чу суусунун жээгинен табылган.

«Бүгүн жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:23тө куткаруучулар тарабынан аталган жарандын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 1409