ӨЛКӨНҮН КАРЫЗЫ КАНЧА?
2023-жылдын февралына карата Кыргызстандын мамлекеттик иски жана тышкы карызынын 5 млрд 698,90 млн долларды же 489 млрд 439,29 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинен ички карыз — 1 млрд 104,53 млн доллар, ал эми тышкы карыз — 4 млрд 494,37 млн доллар.
Мындан мурда 2023-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен 9 млрд сом бөлүнгөнү маалымдалган.
НАРЫНДА МАЛЧЫЛАР ЖАРДАМ СУРАДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарында калың жааган кардан улам беш үй-бүлө мал-жандыгы менен кошо ашууда калып калганын, аларга жардам берүү аракети көрүлүп жатканын бүгүн 3-майда билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, шаршембиде Орто-Сырт жайлоосунда кар жаап, 2000 баш майда жандык, 530 бодо мал өз алдынча оттой албай калган. Бул жайлоого малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, беш үй-бүлө ошол жерде калган.
“Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок малына тоют жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы кырдаалды жөнгө салуу ишин колго алды”, — деп билдирди ӨКМ.
Орто-Сырт жайлоосуна кетчү жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүнү ачуу, байкоо жүргүзүү үчүн барган куткаруучулар калың жааган кардын айынан ашууга чыга албай, кайра артка кайтышканы маалымдалды.
БООМДО ТАШТАР ТҮШҮРҮЛӨТ
10-майдан 13-майга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, аталган иштер күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.
Белгилей кетсек, таш түшүрүү иштери Бишкек – Нарын – Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.