• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө эки адамдын урушу өлүм менен аяктады

28 Үчтүн айы 2020 10:46 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда эки классташтын урушу өлүм менен аяктады. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги ооруканалардын бирине денесинен жаракат алган жарандын келип түшкөнү кабарланган. Ал 34 жаштагы И.А. болуп чыкты. Алдын ала билдирүүгө ылайык, Маевка айылында эки кишинин ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Көп өтпөй ооруканага түшкөн жаран эсине келбей каза болду. Кылмышка шектүү катары маркумдун классташы 33 жаштагы К.У. кармалды,» — деп билдиришти башкармалыктан.

Количество просмотров: 1158