• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Чүйдөгү сот тармагында иштегендер эвакуцияланып, коопсуз жайга чыгарылды

22 Теке 202414:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июлда Чүй облусунун райондорундагы милиция бөлүмдөрүнө Кант, Сокулук, Кемин райондорунун жана Токмок шаарынын сотторунун имараттарына жардыргыч заттар коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле, Москва жана Жайыл райондорунун сот имараттары да укук коргоочулар тарабынан курчоого алынган деген маалыматтар айтылууда.

Чүй облусунун аймагындагы бардык соттордун имаратындагы адамдар эвакуцияланып, коопсуз жайга чыгарылды. Милициялар имараттарды курчоого алып, иштеп жатышат.

Бул жагдай боюнча Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кийинчерээк маалымат берерин айтты.

Белгилей кетсек, акыркы убакта телефондук терроризм фактылары көп катталууда. КР УКМК жардыргыч түзүлүштөр коюлган деп жалган маалымат тараткандар, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Теги:
Количество просмотров: 291