Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV
Чүй облусунун Кант шаарында дайынсыз жоголуп изделип жаткан 69 жаштагы Нурахун Маметовдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу айрым маалыматтар булактары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, анын жансыз денеси Аламүдүн районунун Чоң Чүй каналынан табылган. Маметов 15-октябрда Лебединовка айылындагы досторунун үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болгон. Аны ыкчам иликтөө кызматы издеп жаткан.
Учурда экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу ИИМден билдириши.