• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө каракчылыкка шектелген топ кармалды

11 Жетинин айы 2021 18:21 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук милиция кызматкерлери каракчылыкка шектелген жарандарды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрь күнү милициянын нөөмөт бөлүгүнө Лебединовка айылында каракчылык фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда 5-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 04:20 чамаларында үй ээсинин баласы дааратканага баратып, экинчи кабатка чыкчу тепкичтен бир нече адамдын көлөкөсүн байкаган. Ал дароо атасын ойготуу үчүн алар жаткан бөлмөгө жөнөгөндө белгисиз адамдар ок атуучу куралдан балага карата ок чыгарышканы маалым болгон. Белгисиз адамдар ашкананын терезеси аркылуу үйгө киргени аныкталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

“Коопсуз шаар долбоорлорунун видео камералары боюнча кароо жүргүзүлүп, жыйынтыгында шектүүлөрдүн жүргөн автоунаасы аныкталган. Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган М.Э., 1974-жылы туулган Р.И., 1999-жылы туулган А.Ф. жана 1997-жылы туулган Ш.В. аттуулар кармалышкан. Шектүүлөрдүн бири 1972-жылы туулган М.Э. Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалып, автоунаасын кароо учурунда кара-куурай жыты менен зат табылган. Андан сырткары жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, кол кап, бет кап, диний китептер, флеш-карта алынган. Дагы шектүү катары кармалган 1974-жылы туулган И.Р. аттуу жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, “Юнкер-2” үлгүсүндөгү 4,5 калибрлүү курал, кичи калибрлүү мылтык, газ тапанча, бычактар, дүрбү, диний багыттагы китептер жана баракчалар, ноутбук, 2 даана жасалма чач, газ куюлган баллончо алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Дагы, белгилеп кетүүчү жагдай, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында, шектүүлөр Аламүдүн районунун Лебединовка айылында дагы ушул сыяктуу каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Анда үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү таң эрте Т.Б. аттуу жарандын үйүнө бейтааныш адамдар киришип, анын колу-бутун скотч менен байлашып, белгисиз үлгүдөгү курал такап, акча талап кылышып, кийин анын короосунда токтоп турган «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кетишкен. Ал автоунаа кийин Бишкек шаарынын аймагынан табылган. Кармалган жарандардын Аламүдүн районунун аймагындагы эки каракчылык фактысынан сырткары дагы үч каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги такталган.

Алардын эки фактысы Бишкек шаарынын аймагында болсо, Жалал-Абад облусунда бир каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында 3 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүүлүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 173