• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдө «милиция кызматкеримин» деп дарыканадан акча опузалаган жаран кармалды

17 Жетинин айы 2021 13:50 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Сокулук районунда өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам тарабынан акча талап кылуу фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлерине 1998-жылы туулган У.Э. аттуу жаран арыз жазып, 15-ноябрь күнү болжол менен саат 00:00 чамаларында Новопавловка айылындагы дарыканалардын бирине бейтааныш бирөө кирип, өзүн ички иштер органдарынын кызматкери деп тааныштырып, арыз ээсинен акча каражатын талап кылып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы жарандын аты-жөнү такталып, кармалган. Ал 1987-жылы туулган Д.А. аттуу жаран болгон жана эч кандай ички иштер органдарында иштебей тургандыгы аныкталып, ал жасалма кызматтык күбөлүк жасап алганы маалым болгон.Кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Д.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Бишкек шаарында ушул сыяктуу дагы башка фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталган. Кылмышка шектүү дарыканаларга кардар болуп кирип, психотроптук дары сатып алуучу болуп, дарыны алган соң тиешелүү кагаздарын сурабай сатып жатканын айтып, жасалма кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, акча талап кылып жүргөн»,-деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 125