• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Чүйдүн курулуш башкармалыгында жемкорлук аныкталды

12 Бештин айы 2022 10:56 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Капиталдык курулуш башкармалыгы менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары мамлекеттик бюджеттен 30 миллион сом акчаны мыйзамсыз чыгарып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 12-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган боюнча, 2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүү менен подрядчы «С.Т.» ЖЧКсынын пайдасына 30 млн сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылган эмес.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында подряддык компаниянын директору К.А.Д. КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аныктоого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 101