Чүй облусундагы мечиттердин биринде намаз окуп жаткан адамдга тапанча такап, дубалга 2 жолу ок чыгарган шектүү кармалды.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окуя 15-июнь күнү болгон. Бул тууралуу милицияга коркутууга дуушар болгон 50 жаштагы М.М. кабарлаган.
Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталды.
«Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун 63 жаштагы тургуну А.А. кармалды. Ошондой эле магазининде 6 огу бар травматикалык тапанча, 2 резина ок, 2 гильза, октору бар магазин жана травматикалык тапанчанын 20 огу алынды. Ок чыгарган адам мас абалда болгон жана окуя болгон жерден качып кеткен»,-деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.