• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Чүйдө жол кырсыгынан төрт адам жабыркады

11 Бугу 202012:25 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районунда  айдоочу рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылды. Жол кырсыгынан төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 10-майда саат 18:44тө Панорама дачасына бара жаткан жолдо орун алган. Анда “Хонда CRV” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада 4 эркек киши жабыркаган.

«Жерине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, жабыркагандарды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Количество просмотров: 293