Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБүнө 1995-жылы туулган С.К. арыз менен кайрылып, Ак-Сай айылындагы жайлоодон белгисиз адамдар бир баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш
иштери башталган.
«Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган Ж.А. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.