• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө үйлөрдү суу каптады. Кудуктан жансыз кишинин сөөгү табылды. Соңку жаңылыктар 28.02.18.

28 Бирдин айы 2018 11:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.02.2018.Govori.TV

Өмүрбек Бабанов боюнча тергөө иштери жүруп жатат 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анда «Тергөө иши жүрүп жатат. Тергөө иштерине байланыштуу бардык иш-аракеттер жүргүзүлүүдө», — дейт Рахат Сулайманов. Эске салсак, 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн. 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылган.2017-жылдын 30-декабрында Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кете турганын да коомчулукка жарыялаган.

Чүйдө 8 үйдү суу каптады 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 8 турак жайды суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 27-февралда саат 18:00дөр чамасында Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагында 8 турак үйдүн короо-жайларын суу каптаган. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барып, суу сордурулуп, тазалоо иштери кечки саат 21:45те жыйынтыкталган. Ошондой эле басма сөз кызматынан күн жылыганына байланыштуу кар эрип жана жааган жамгырдан улам топтолгон суулар каптаганын кабарлашты.

Кудуктан жансыз кишинин сөөгү табылды

Бишкекте кудуктан табылган адамдын сөөгү ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Свердлов районунун аймагында, Чыгыш-5 кичи районундагы кабат үйлөрдүн биринин жанындагы кудуктун ичинен 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү шаршемби күнү табылган. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

 

 

 

 

Количество просмотров: 10