• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Үч жолу соттолгон. Айзаданын өлүмүнө шектүүнүн буга чейинки кылмыштары

9 Чын куран 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салганы айтылып жаткан Замирбек Теңизбаев тууралуу маалымат берди.

ШИИБдин билдирүүсүндө Теңизбаев Россияда үч жолу сот жообуна тартылганы айтылат.

Ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарында уурулук кылып үч айга эркинен ажыратылган.

Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын соту аны «Тоноо» беренесинин негизинде эки жылга кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан.

Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны карактоо, опузалап акча талап кылуу үчүн 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Эске салсак, 27 жаштагы Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирди.

Количество просмотров: 2538