• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чала таанышын 400 миң сомго алдап кеткен УКТ мүчөсү кармалды

1 Бештин айы 2022 11:59 Бишкек Govori.TV

Чала таанышын 400 миң сомго алдап кеткен Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну (аял киши) арыз менен милицияга кайрылып, алдамчылык жолу менен 400 миң сом акчасын алып, бербей жүргөн чала таанышына мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Маалым болгондой, чала тааныш жаран көмүрдү биргелешип сатуу шылтоосу менен арыздануучунун ишенимине кирип, 250 миң сом акча каражатын алган. Андан кийин аталган кылмышка шектүү жаран кандайдыр-бир көйгөйлөрдү чечүү үчүн дагы 150 миң сом сурап, алгандан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Келтирилген жалпы материалдык чыгым 400 миң сомду түзөт.

Аталган факт Свердлов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Нарын облусунун тургуну 1986-жылы туулган С.М. тергөө кызматына жеткирилген. Белгилей кетсек, кылмышка шектүү бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда шектүү Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 134