• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чаткал районунун тургундары үчүн “Чаарат Заав” ишканасы спорт зал, медициналык борбор жана жол куруп берди

23 Баш оона 2018 15:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.08.2018.Govori.TV.

Чаткал районунун Башкы-Терек айылында балдардын көбү спорт менен машыккысы келет. Бирок ушул убакытка чейин өзүлөрүнүн спорт залы жок болчу. Эми алардын кыялдары орундалды. Заманга ылайыкташтырылган спорт зал курулуп берилди.

Мындан тышкары Чаткалда дагы бир жакшы жаңылык жергиликтүу элдин көңүлүн алды. Советттик доорунан бери бул жерде ооругандар одногон чакырым жер басып райондук ооруканага барчу эле. Эми Курулуш айылынын тургундары үчүн жаңы медициналык борбор ачылды.

Ал эми жергиликтүү тургундарды абдан кубандырганы жол меселеси болду. Эми райондук борбордон Жайлоого чейин жол курулуп бутүп, сентябрда колдоонуга берилет.

Чаткал районунун өнүгүүсүнө чоң салымын “Чаарат Заав” ишканасы кошот. Бул алтын кен өндүргөн компания Чаткалда беш жылдан ашык иштеп жатат. Ошол убакыттан бери кирешеден түшкөн каражатын элдин көйгөйүн чечүугө жумшайт Компания азырынча Чаткалда 300 метр тереңдике чейин алтындын запасын аныктоо, чалгындоо иштери менен алек. Буга чейинки чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча бир тонна рудадан 4 граммга чейин алтын алынуусу болжолдонууда. Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында “Чаарат” кенинде 100 тонна алтындын запасы бар. Ушул жылдын сентябрь айында алтын өндүрүү иштери башталса Чаткалдагы социалдык-экономикалык жардамдарын көбөйтөөрүн билдиришти.

“Чаарат заав” деген аталыш менен иш алып барып жаткан бул ишкана Лондондо жайгашкан “Чаарат голд” ири компаниясына тиешелүү. Кыргызстандын өнүгүүсүнө айрыкча сооциалдык-экономикалык кубаттуулука ээ болуусу үчүн саналуу гана факторлор бар. Тактап айтканда мамлекеттин казынасын салыктан кийин эле алтын кендерден түшкөн акча толтурат.

Количество просмотров: 38