• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чек арада дайынсыз жоголгон жоокерге таандык делген сөөктүн ДНК-анализи чыкты

26 Тогуздун айы 2022 16:54 Бишкек Govori.TV

14-17 сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышта дайынсыз жоголгон аскер Дастан Анарбековго тиешелүү делген сөөктүн ДНК-анализи чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, жоокердин апасы Сауле Иманалиева мындай жыйынтык менен макул эместигин айтып, төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Жолдошум Аскер прокуратурасына барып, иш кандай жүрүп жатканын сурайын десе, ДНК-анализи чыкканын айтыптыр. Бизди өздөрү атайын чакырышкан жок. Анан ачылган конвертти көрсөтүп «мына 90% силердин балаңарга дал келет» деп айтыптыр. Бизди чакырбай эле конвертти ачып коюптур. Ошондуктан ишенбей кайра көз карандысыз экспертизадан өткөрөлү деп жатабыз,» — деп билдирген Сауле Иманалиева.

Кошумчалай кетсек, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Баткендин «Достук» айылындагы чек ара тозотунун командиринин орун басары болуп иштеп жаткан.

Теги:
Количество просмотров: 1185