Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга нааразы тургундар чогулушту. Алар бийлик өкүлдөрү мындай кырдаалга жеткирбей маселени чечиши керек болчу деген пикирлерин айтууда.
Ал эми милиция кызматкерлери чогулгандарды таратып, топтолуу тууралуу мэрияга кабар берилбегендиктен, мыйзамсыз экенин түшүндүрүштү. Анын ичинен 10го жакын митингчини күч органдары кармап кетти.
Эске салсак, 16-сентябрда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, жаңжалдын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, 13 жаран жаракат алган.