• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чек арадан элдик керектөөдөгү товарларды мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды

14 Бештин айы 2020 11:25 Бишкек Govori.TV

ЭККМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгы дайыма болуп турган экономикалык контрабанданы аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы элдик керектөөдөгү товарларды (ЭКТ) мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда кызмат адамдарынын катышуусу менен товарларды дайыма болуп турган контрабандалык ташып кирүү фактыларын аныктады.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн “Вольво” маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалып, ал Өзбекстан Республикасынан “Достук” бажы посту аркылуу тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй келе жаткан.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Азыркы убакта, ЭККМК контрабандачылардын кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 108