Мамлекеттик чек ара аркылуу баңгизат алып өтүп турган каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-февралында кыргызстандык жарандар К.К.М. жана А.М.А. Кара-Буура районундагы «Аманбаев» тилкесинде мамлекеттик чек арадан баңгизатын алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринде кармалган.
Кармалгандардын бири К.К.М. мурда баңгизатын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталды. Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан 12 кг жакын 3 даана өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар табылды.
Бул факты Кымлыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) катталды.
Тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.