• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

«Чет элдик өкүл» мыйзам боюнча ЕБнын тышкы иштер кызматынын Басма сөз катчысы билдирүү таратты

3 Чын куран 2024 12:36 Бишкек Govori.TV

Европа Биримдигинин тышкы иштер кызматынын Басма сөз катчысы «Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» жаңы мыйзам боюнча билдирүү таратты.

«Кыргыз Республикасында “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө, көбүнчө “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” аталган мыйзамдын жакында кабыл алынышы кооптондурган көрүнүш.

Жарандык коом уюмдарынын эркин иштөө мүмкүнчүлүгүн чектеген мыйзамдар кыргыз коомчулугуна жана анын Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы менен негизги эркиндиктерди, мыйзам үстөмдүгүн жана демократиялык стандарттарды урматтоого негизделген эки тараптуу кызматташууну жактайт. Бул баалуулуктар биздин Кыргыз Республикасы менен ишке ашырылып жаткан Преференциялардын жалпыланган схемасынын (GSP+) жана күтүлүп жаткан Өркүндөтүлгөн өнөктөштүк жана кызматташтык макулдашуусунун (EPCA) ажырагыс бөлүгүн түзөт», — деп жазылат билдирүүдө.

2-апрелде президент Садыр Жапаров  «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзамына кол койгон. Ага буга чейин ЖК депутаттары колдогон.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Количество просмотров: 65